"Манас" алтын тыйыны Россияда 170 миң рублге сатылып жатат

"Манас" алтын монетасы 1995-жылы чыгарылган. Анын ошол кездеги баасы үч миң сом болчу. Эми ал 60 эсе кымбат бааланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россиялык "Мешок" интернет-аукционуна Кыргызстандын Улуттук банкынын коллекциялык "Манас" алтын монетасы коюлду.
Баштапкы баасы – 170 миң рубль (дээрлик 200 миң сом). Бул алтын тыйын 1995-жылы Манастын миң жылдыгына карата чыгарылган. Монетанын ошол кездеги баасы үч миң сом болчу.