"Кант" авиабазасынын аскерлери балдарга өрт коопсуздугун үйрөттү. Сүрөт

Авиабазанын кызматкерлери бала бакчага өрт өчүрүүчү унаа менен келип, короосуна атайын жабдыктардын көргөзмөсүн уюштурду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. "Кант" аскер базасынын кызматкерлери бала бакчанын тарбиялануучулары үчүн өрт коопсуздугу боюнча сабак өтүштү. Бул тууралуу аталган авиабазадан кабарлашты.
1 / 4
"Кант" аскер базасынын кызматкерлери бала бакчанын тарбиялануучулары үчүн өрт коопсуздугу боюнча сабак өтүштү
2 / 4
Аскер базанын өрткө каршы кызматы мектепке чейинки билим берүү мекемесине өрт өчүрүүчү унаа менен келип, короосуна атайын жабдыктардын көргөзмөсүн уюштурган
3 / 4
Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү
4 / 4
Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Аларда штурм жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар
Аскер базанын өрткө каршы кызматы мектепке чейинки билим берүү мекемесине өрт өчүрүүчү унаа менен келип, короосуна атайын жабдыктардын көргөзмөсүн уюштурган.
"Кызматкерлер өрт учурунда өзүңдү кандай алып жүрүү керектигин айтып берип, шаймандар кандай иштей турганын көрсөтүштү. Балдар жабдыктарды, коргоочу костюмдарды өз көзү менен көрүп, өрт өчүрүүчү унаага да отурушту. Мындан тышкары, аскерлер бала бакчада тарбияланып жаткандарга өрт өчүрүүчү команданын иши тууралуу айтып беришти", — деп жазылган билдирмеде.
Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Аларда штурм жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.