Жолдун туура жеринен өткүлө! Эки күндө 140 жөө кишиге айып салынды

Жылдын башынан бери жөө жүргөндөр кабылган 542 автокырсык катталган. Мындай статистикадан кийин эки күндүк рейд өткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Борбор калаада эки күн ичинде жол эрежесин бузган 140 жөө адам айыпка жыгылды. Бул туурасында Кайгуул милициясынын башкармалыгынан кабарлашты.
Жылдын башынан бери жөө жүргөндөр кабылган 542 автокырсык катталып, жарым миңден ашуун адам (588) ар кандай жаракат алышкан.
Маалыматта жөө жүргөндөр да, айдоочулар да жол эрежелерин сактабаганы айтылган. Мындай статистикадан кийин "Пешеход" деп аталган рейд жарыяланган. Эки күндүн ичинде 1,8 миң адам эреже бузган.
Рейддин жыйынтыгы:
Эреже бузганы үчүн жалпысынан 137 автоунаа айып короого токтотулган.