Чүйдө балдар үйүндө көз жумган Якунин. Экспертизанын жыйынтыгы 29-июнда чыгат

2-июнда соттук-химиялык жана соттук-гистологиялык изилдөө жүргүзүлүп баштаган. Жыйынтыгы даяр, эксперттер аны органдарга өткөрүп берүү алдында турат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө көз жумган 13 жашар Игорь Якуниндин сөөгүнө жасалган экспертизанын жыйынтыгы 29-июнга чейин чыгат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Сокулук райондук соттук-медициналык экспертизанын адистери 2-июнда соттук-химиялык жана соттук-гистологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн биологиялык заттарды алышкан. Учурда жыйынтыгы алынган. 25-июнда Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда өткөн жыйында тийиштүү сунуштар берилген.
"Якуниндин сөөгүнө жасалган соттук-медициналык изилдөөнүн жыйынтыгын жана каза болгон жагдайларын эске алуу менен өлүмүнүн себептерин аныктоого мүмкүнчүлүктөр бар. Экспертиза 29-июнда аяктап, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Балдар үйүндө көз жумган өспүрүм боюнча иш Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө
Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуу болгон.
Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон. Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген шек жаралып жаткандыгын айткан.