COVID: жети киши көз жумуп, 900гө чукул адам ооруп калды. Статистика

Кыргызстанда COVID менен ооругандардын саны улам көбөйүп бара жатат. Кечээки статистика боюнча, айыккандарга караганда вирусту жугузуп алгандар дээрлик эки эсеге көп болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Соңку суткада Кыргызстанда COVID 892 адамдан табылып, жети бейтап көз жумду. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Өткөн суткада коронавирус жана пневмониядан жети адам каза тапты.
"Бишкекте – 3, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда -2, Жалал-Абад облусунда 1 бейтап көз жумду", - деп айтылган маалыматта.
Республика боюнча COVID-19дан каза тапкандардын расмий саны 1 971ге жетти.
Ооруп калгандардын жалпы көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Коронавирус менен ооругандардын жалпы саны пандемиядан бери 119 873 болду.
Айыгып кеткендердин көрсөткүчү төмөнкүдөй болуп, саны 524 деп айтылды:
Ал эми ооруну өткөн суткада жугузуп алган медициналык кызматкерлердин саны 36га жетти.