Жайылда 35 жаштагы Зумрад Болотова изделип жатат. Сүрөт

Аял Кара-Балта шаарында жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз. Милиция аны табышууга көмөктөшүп коюуну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жайыл райондук милициясы 35 жаштагы Зумрад Болотованы издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББ кабарлады.
Дайынсыз жоголгон Зумрад Болотова
Билдирмеге ылайык, аял Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болууда.
Бою 165 сантиметр, дене түзүлүшү орто, кой көз, азуу тиштери күмүш түстүү темирден салынганы айтылды. Акыркы ирет кызыл футболка жана ак шым кийип жүргөн.
Жоголгон аял тууралуу маалыматы барларды милиция (0312) 43-01-27,(0312) 43-88-85, (0312) 22-15-58, (03133) 3-51-84 жана 0709759169 номерлерине чалып коюуну өтүндү.