УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлду

Буга чейин Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда жакында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
"Президент экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат. УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда жакында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирген. 
Аталган кызматты 2011-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев түзгөн. Ал эми былтыркы жылдын октябрь айында мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында аны жоюп салган. Көп өтпөй өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Жээнбековдун жарлыгын жокко чыгарган.