Москвадагы эл аралык мамилелер институтуна сунушталган КР жарандары. Тизме

Талапкерлерди министрликтин Сынактык тандап алуу боюнча комиссиясы аныктап, алардын ЖРТда алган упайы жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.
Мекеменин маалымат кызматы абитуриенттерди тандоо иши Россия менен Кыргызстандын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлгөндүгүн билдирди.
"Сынактык тандап алуу боюнча комиссия ЖРТнын жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын алды. Ошондой эле тандалган багыттар боюнча эң жогорку баллга ээ болгон талапкерлердин тизмесин бекитти", — деп айтылат маалыматта.
Талапкерлердин тизмеси
Бакалавриат
Магистратура