Ошондуктан россиялык Крымдын жээгине жакын британиялык Defender эсминецинин 23-июндагы атайын чагымчылдыгы экипаждын көп мүчөлөрү үчүн акыркы вазийпа болуп калмак... Кара деңиздеги инцидентке аскерий бандамачы Александр Хроленко сереп салган.
РФ чек арасында эреже бузган британиялык кемеге багытталган россиялык авиациянын бомбалык соккусу НАТОнун Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жогорку технологиялык душманы менен тиреште канчалык алсыз экенин түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Россия Федерациясы Кара деңиздин дал ушул аймагына ракета атууларды уюштурууга кезектеги чектөө киргизгенине карабастан, 23-июнда түшкө чейин британиялык HMS Defender эсминеци Крым жарым аралына жакын россиялык чек араны бузууга барган. Кандай гана кеме болбосун, сүзүүгө жабык райондорго жакын келүү абдан кооптуу.
Defender эсминеци Крымдын Фиолент булуңундагы ички сууларга үч чакырым сүзүп кирген. Радиобайланыш боюнча бир нече жолку эскертүүгө кулак салышкан эмес. Ошондуктан РФтин ФСБ Чек ара кызматынын күзөт кемеси эскертүүчү ок ачып, ал эми Кара деңиз флотунун фронттук бомбалоочусу Су-24М британиялык эсминецинин багыты боюнча эскертүүчү кадамга (төрт 250 килограммдык авиабомба) барган. Ошондон кийин гана, тагыраак, 12.23тө Defender Россия территориясынан чыгып, багытын Перс булуңуна карай бурган.
РФ Коргоо министрлиги ошол окуянын тасмасын жарыялоо менен бул маселеге чекит койгон. Кремль муну Улуу Британиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн атайын жана даярдалган чагымчылдыгы катары баалады. Бириккен королдуктун Коргоо министрлигинин "кеменин Украинанын территориялык суулары аркылуу тынч өтүшү" жөнүндөгү расмий версиясы чындыкка жатпайт.
"Защитниктин" бортундагы "Би-би-синин" кабарчысынын макаласы да Крымдан 12 миль турган россиялык чек араны атайын жана чагымчылдык менен бузуу экенин тастыктайт. Эмнеликтен британиялык экипаж мындай тобокелге барды?
Тарыхый вазийпа
HMS Defender ракеталык эсминеци Кара деңизге 14-июнда кирип, украиналык Одесса портуна 18-июнда келген. Үч күндөн кийин анын бортунда Улуу Британия өндүрүш консорциуму жана Украина Аскердик-деңиз күчтөрү жакынкы беш жылга деңиз өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу меморандумуна кол коюшкан. Лондон менен Киев Россияны "ооздуктоо" боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү, украиналык жээктерде согуштук кемелерди жана Аскердик-деңиз күчтөрүнүн базаларын чогуу курууга ниеттенишкен. 23-июндагы окуя "ооздуктоо" варианттары эң оболу антироссиялык "концессиянын" катышуучулары үчүн кооптуу экенин көрсөттү. Мындай чагымчыл аракеттин дагы бир себеби – британиялык HMS Defender эсминеци 28-июнь жана 10-июль аралыгындагы АКШ жана Украинанын Sea Breeze-2021 аскердик-деңиз машыгууларын утурлай жасаган аракети. Эске салсак, ал окууларга аталган эки мамлекеттен тышкары 30 өлкө, 32 кеме, 40 учак, 5000 аскер кызматкери, анын ичинде атайын операцияларды аткарчу 18 команда катышат. Тилекке каршы, бул антироссиялык машыгууларга бейтараптуулукту тутунгандай көрүнгөн Молдова онунчу ирет катышмакчы. Ал эми Россия ага кам көрүп, коронавирустан сактоочу вакцина менен камсыздап келет.
Британиялык кеменин жогорудагыдай аракетинин алдында эле, тактап айтканда 22-июнда, Россия Кошмо Штаттарды жана алардын союздаштарын Кара деңизде кокустуктар тобокелдигин арттыруучу масштабдуу жана агрессивдүү Sea Breeze машыгууларын өткөрүүдөн баш тартууга чакырган. Кыязы РФ "өнөктөштөрү" бул ирет да Москванын жакшы ниетин көз жаздымда калтырышкан өңдөнөт. Кара деңиздеги ок атуу жана бомбалоодон кийин жакынкы эки жума аралыгында жаңы чагымчылдыктар болушу ыктымал. РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 24-июнда тегин жерден: "Акылгөйлүккө чакырып, эл аралык укукту сыйлоону талап кыла алабыз. Бул таасир этпесе багыты боюнча эмес, буталарга карай бомбалоого аргасыз болобуз", - дебеген чыгар.
Фиолент булуңундагы окуя былтыр күздөгү Владивостокко жакын Петр Великий кысыгындагы россиялык чек араны бузган америкалык "Жон Маккейн" эсминеци катышкан инцидентти эске салат. Ал да "Адмирал Виноградов" кемеге каршы коргонуучу ири кемеси тарабынан "куулуп", бейтарап сууларга карай нугун бурган. Ошондон кийин РФ Коргоо министрлиги мамлекеттик чек араны бузгандардын багытына карай артиллериялык ок атуу жана абадан сокку урууга укук алган. Россиялык чек аралардын чийилишине айрым мамлекеттердин каршы болушу НАТО үчүн аларды "ачык" аймакка айлантпайт.
Туруксуз кырдаал жаратуу
Sea Breeze-2021 Кара деңиздин түндүк-батыш бөлүгүндө жана Украинанын бир катар аймактарында өтөт. Машыгуулар украиналык акваториянын чегинен чыгып кетет. Окууда деңиз десантын түшүрүү, россиялык Крымга жакын Херсон жана Николаев облустарындагы аскердик полигондордо кургактагы күчтөр менен биргеликте НАТОнун Атайын операциялар күчтөрүнүн аракеттерин өткөрүү пландалган.
Кургактагы штабдар аскердик багыттагы райондорго күч жана каражаттарды жеткирет, деңиз десанты менен деңиз багытындагы чабуулду уюштуруп жана ишке ашырат. Сценарий боюнча, коалициялык топ Украина үчүн айрым мыйзамсыз "куралдуу түзүмдөрдүн" ишмердигине байланышкан "кризистик кырдаалды турукташтырууга" тартылат. Мында агрессия вектору Киевге баш ийбеген Донбасс территориялары багытында каралат. РФ Коргоо министрлиги Sea Breeze-2021 машыгууларынын даярдыгына жана жүрүшүнө тыкыр көз салат, кырдаалга жараша Россиянын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында ыкчам аракет көрүүгө даяр.
Украинага мүчөлүк боюнча аракет планын сунуштоо менен НАТО тобокелге баргысы жок, аталган өлкөнүн армиясын жана территориясын Россия тарабынан белгиленген "кызыл чийинден" чыкпай пайдаланууну көздөйт. Альянс көптөгөн "көмүскө" интеграциялык программаларды ишке ашырат. Мисалы, Мариуполдун четиндеги полигондо 60 англиялык жана даниялык инструктор снайпердик жана жардыруу багытындагы 500 украиналык жоокерди машыктырууда. Донбасстын калкы "өнөктөштөрдүн" украиналыктардын коопсуздугуна камкордугун жон териси менен сезүүдө. Планетанын башка бир бурчунда Россиянын Тынч океан флоту соңку тарыхта алгач жолу Тынч океандын борбордук бөлүгүндө масштабдуу окууларды уюштурду. Машыгууга жыйырма чакты ракеталык кеме жана субмарина, учак жана тик учак катышты. Шарттуу душмандын абадан сокку уруу тобун жок кылууга машыгуу ийгиликтүү өттү. Мында айгинеленгендей, Россиянын Аскердик-деңиз флоту болжолдуу душманга Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде гиперүндүү жана термоөзөктүк "жел" уюштурууга жөндөмдүү.
Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин, РФ коргоо министри Сергей Шойгу жана РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов "өнөктөштөргө" согуш оту тутануу мүмкүндүгү жогору экени тууралуу "үч эсе" эскертүү жасашты. Башкы штабдын жетекчиси: "РФ өзүнө жана союздаштарына каршы өзөктүк жана башка массалык жабыркатуучу куралдарды пайдаланылышына гана каршы, ошондой эле Россияга каршы кадимки куралды колдонуу менен агрессия жасалып, мамлекет катары коркунучка кептелгенде өзөктүк куралды колдонуу укугун сактайт", - деп эске салды.