"Ысык-Көл" аэропорту Оштон келген алгачкы каттамды тосуп алды. Сүрөт

Оштон Тамчыга 105 киши келип, кайра 88 адам учуп кетти. Алардын ондон ашыгы балдар. Туруктуу каттам жумасына үч жолу аткарылып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту ушул жылдын эсебинен Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынан билдиришти. 
1 / 3
"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту ушул жылдын эсебинен Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды
2 / 3
TezJet авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош — Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү алып келген
3 / 3
Алардын арасында 12 бала бар. Ал эми Тамчыдан Ошко 88 жүргүнчү (13ү бала) учуп кетти
TezJet авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош — Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү алып келген. Алардын арасында 12 бала бар. Ал эми Тамчыдан Ошко 88 жүргүнчү (13ү бала) учуп кетти.
Туруктуу каттам жумасына үч жолу — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылып турат.