Майда СOVID менен күрөшкөн 5 миңден ашуун медик компенсация алды

Өткөн айда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медиктерге жалпы 131 миллиондон ашык каражат берген. Анын көбү стационар менен госпиталдагы кызматкерлерге бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина кызматкерлерине май айы үчүн 131 миллион 788 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, компенсация коронавирус менен күрөшүүгө тартылган 5 094 медикке берилген.
Республиканын саламаттык сактоо уюмдарында эмгектенген төмөнкү сандагы кызматкерлерге кошумча акы берилди: