Кыргызстан Япониядан 1,1 млн. доза вакцина жана аны сактаган муздаткыч сурады

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары япон тараптын колдоосу кыргызстандыктардын тезирээк эмделишине кадыресе салымын кошорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети Япония өкмөтүнөн 1 миллион 100 миң вакцина бөлүүнү жана аны сактаганга муздаткыч берүү маселесин карап көрүүнү өтүндү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3
Кыргызстандын министрлер кабинети Япония өкмөтүнөн 1 миллион 100 миң вакцина бөлүүнү жана аны сактаганга муздаткыч берүү маселесин карап көрүүнү өтүндү
2 / 3
Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Жылдыз Бакашова Япониянын КРдеги элчиси Сигэки Маэда менен жолукканда жогорудагы маселе көтөрүлгөн
3 / 3
Бакашова учурда Кыргызстандын элин коронавируска каршы вакцина менен эмдөөнү тездетүү маанилүү милдеттердин бири болуп тургандыгын айткан. Ал эмделген жарандардын саны өтө аз болуп жаткандыгын кошумчалаган
Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Жылдыз Бакашова Япониянын КРдеги элчиси Сигэки Маэда менен жолукканда жогорудагы маселе көтөрүлгөн. Бакашова учурда Кыргызстандын элин коронавируска каршы вакцина менен эмдөөнү тездетүү маанилүү милдеттердин бири болуп тургандыгын айткан. Ал эмделген жарандардын саны өтө аз болуп жаткандыгын кошумчалаган.
"Ушундан улам Япония өкмөтүнүн 1 миллион 100 миң вакцина бөлүү жана аны сактаганга муздаткыч берүү маселесин карап көрүүгө жардам берүүңүздөрдү өтүнөм. Мындай кыйын кырдаалда япон элинин Кыргызстан калкынын тездик менен эмделишин камсыздоодо, пандемиянын мындан аркы кесепеттеринин алдын алууда өзүнүн салымын кошот деп ишенем", — деген ал.
Күн чыгыш өлкөсүнүн элчиси калкты эмдөө жана вирустун таралуусунун алдын алган коопсуздук чаралардын сакталышы өтө маанилүү экендигин баса белгилеген.