ТИМ башчысы жана РФ элчиси Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсүн талкуулашты 

Министр жана элчи Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземи тууралуу да сүйлөшкөн. 
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады
2 / 2
Ага ылайык, тараптар мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россия президенти Владимир Путиндин Москва жана Сочи шаарларында сүйлөшүлгөн келишимдерин иш жүзүнө ашыруу боюнча иш-аракеттерди баштоо тууралуу сөз кылышкан
Ага ылайык, тараптар мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россия президенти Владимир Путиндин Москва жана Сочи шаарларында сүйлөшүлгөн келишимдерин иш жүзүнө ашыруу боюнча иш-аракеттерди баштоо тууралуу сөз кылышкан. 
Мындан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземи жөнүндө баарлашып, эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.