БИШКЕК, 25-июн. – Sputnik. Кыргызстандын Э.М. аттуу жараны Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берилбейт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 25-июнунда кыргызстандык С.М. арыз менен кайрылган.
"Арыздануучу 2021-жылдын 18-апрелинде Тажикстандын сурамы менен анын Э.М. аттуу бир тууганы Россияда камакка алынганын билдирген. Э.М. Нижний-Новгородго жетери менен укук коргоочулардын колуна түшкөн. Тажик бийлиги 2020-жылдын август айында чек ара аймагында чыккан чырга байланыштуу ага иш козгогон. Э.М. массалык башаламандыкка катышууга айыпталган. Чырдын кесепетинен айыпталуучунун үй-бүлөсүнүн дагы үйү өрттөнүп кеткен. Эки тараптан тең жабырлануучулар катталган", — дешти Акыйкатчы институтунан.
Түшкөн арыздын негизинде мекеменин кызматкерлери башкы прокурор Курманкул Зулушевге Кыргызстандын жаранынын укугун коргоп берүүнү жана Тажикстандын бийлигине өткөрбөөнү өтүнүп кайрылышкан.
"6-майда башкы прокурор Зулушев Тажикстандын бийлигинин сурамын канааттандырбоону өтүнүп кат жолдогон", — деп айтылат маалыматта.
Россия Кыргызстандын кайрылуусун канааттандырып, Э.М. аттуу жаранды Тажикстанга өткөрүп берген эмес.