Эки литрлик төрт желим бөтөлкө. Казакстандан Кыргызстанга баңгизат ыргыткандар

Нөөмөттө турган чек арачылар кыргыз-казак чегинин коңшу өлкө тарабында шектүү эки адам турганын байкаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Белгисиз адамдар Казакстандын чек арасында туруп Кыргызстанды көздөй баңгизат ыргыткан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Жалал-Абадда 10 кг нашаа менен мурда кесилген адам кармалды. Сүрөт
Андан соң алар Кыргызстандын аймагына эки литрлик төрт желим бөтөлкө ыргытып, кайра ары көздөй качып кетишкен.
Текшере келгенде бөтөлкөлөрдүн ичинен 2 килограмм 120 грамм кара куурай табылган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин алынган баңгизат ИИМге өткөрүп берилген.