Бир суткада 875 кишиден COVID табылып, 6 бейтап көз жумду. Соңку статистика

Азыркы тапта ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 858 кишинин абалы оор болсо, 132 бейтап өтө оор абалда экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө жалпы 875 кишиден коронавирус аныкталып, 533 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 118 981ге жетти. Анын ичинен 107 391 киши дартты жеңген.
Айыккандар:
Бир сутка ичинде коронавирус алты адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен бешөө ордо калаада каза болсо, бир өлүм учуру Чүйдө катталган. Жалпысынан дарттан 1 964 адам көз жумду.
Азыркы тапта 2 702 бейтап стационарларда дарыланып жатат. Анын ичинен 858 кишинин абалы оор болсо, 132 бейтап өтө оор абалда деп айтылды. Кечээтен бери 23 медиктен коронавирус табылган.