БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларга видеокаттагыч орнотулуп жатат. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Ага ылайык, жабдыктар жайкы туристтик мезгилде жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, коомдук транспорттордо кылмыштарды алдын алуу, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында коюлуп жатат.
Караколдун милициясы айдоочуларга видеокаттагычты орнотуунун маанилүү жактарын да түшүндүрүүдө.
Каракол ШИИБи боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Мунарбек Асаналиевдин айтымында, облустун борборунда жүргүнчүлөрдү ташуу менен беш ишкананын 385 кичи автобусу жана 20 автобусу бар. Калаада күн сайын 55 кичи автобус каттайт.
Мындан тышкары, аймактар жана облустар аралык каттамдар жүргүзүлөт. Учурда фирма унааларынын 75 пайызы жогорудагы видеокаттагыч менен жабдылган.
"Видеокаттагычтар — жарандарыбыздын коопсуздугун сактоодогу натыйжалуу чара. Жабдууларды орнотуу менен уурулукка каршы күрөшүүгө, мүлктү бузган жүргүнчүлөрдү табууга жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды жөнгө салууга жардам берет. Айдоочулар да жол эрежесин бузуудан этият болушат. Ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктоого көмөктөшөт", — деген Асаналиев.
Видеокаттагыч автоунаанын жолдо бара жаткан кыймылын жана салондун ичиндеги абалды бир эле учурда көзөмөлдөйт.