БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы "Эшенаалы Арабаев" аталышындагы толук метраждуу даректүү-публицистикалык тасма тартылып жатканын билдирди.
Ага ылайык, картинага Бекболот Айдаралиев режиссер болууда. Тасмада документалдуу жана архивдик материалдар көрсөтүлүп, тарыхый окуялар калыбына келтирилет.
Фильм кыргыз интеллигенциясынын алгачкы лидерлеринин бири, өлкөдө илим менен билимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон Эшенаалы Арабаевдин өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналмакчы.