Бишкектик 99 бүтүрүүчү жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын алды. Сүрөт

Мектепти жакшы баа менен аяктагандарды шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды
2 / 4
Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү
3 / 4
Мектепти жакшы баа менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды
4 / 4
Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колдору менен жасаган белекти беришкен. Анда шаардын символу болгон илбирстин сүрөтү кийизге түшүрүлгөн
Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Мектепти жакшы баа менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды. Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колдору менен жасаган белекти беришкен. Анда шаардын символу болгон илбирстин сүрөтү кийизге түшүрүлгөн.
Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.