Эч нерсеси калбаптыр. Бишкекте унаа бакты сүзүп, бир аял жабыркады

Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кеткен. Натыйжда бакты сүзүп, кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы аял жабыркаган.
Бишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды
Жерине беш куткаруучу барып, унаадагыларды чыгарган. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кетти.