Министр Бейшеналиев COVID жуктуруп, кабинетинен чыкпай уу коргошун ичүүдө

Министр 2021-жылдын 29-мартында коронавируска каршы Sinoрharm вакцинасы менен эмделген. Апрелде ал аталган вирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине министр өзү тастыктады.
Анын айтымында, ПЦР-тестинин жыйынтыгы оң чыккан.
"Уу коргошунду үч күндөн бери ичип жатам. Мурдагы күнү абалым начарлап, дене табым көтөрүлгөн. Дароо коронавируска тест тапшырсам, оору жуктурганым аныкталды. Ошол бойдон эч жакка чыккан жокмун. Азыр иш бөлмөмдө обочолонуп, видео байланыш аркылуу аралыктан иштеп жатам. Эч жакка чыккан жокмун. Тамакты эшиктин жанына таштап коюп жатышат. Эртерээк өзүмө келейин деп уу коргошун менен эле дарылануудамын. Бир-эки күндүн ичинде бутума туруп калам. Оору күч алып жатканда өзүм жатып албашым керек", — деди министр.
Бейшеналиев 2021-жылдын 29-мартында коронавируска каршы Sinoрharm вакцинасы менен эмделген.
Андан кийин апрелде ал коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып, аны кантип ичүү керек экенин журналисттерге көрсөтүп берген.