Антитело пайда болбоптур. Бейшеналиев COVID жуктурган себебин түшүндүрдү

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев COVID жуктуруп, кабинетинен чыкпай уу коргошун ичип жатканы маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделгенине карабай эмне себептен коронавирус жуктуруп алганын Sputnik агенттигинин кабарчысына түшүндүрүп берди.
Буга чейин министрдин COVID жуктуруп алып кабинетинен чыкпай уу коргошун ичип жатканы маалым болгон.
"Ооба, коронавируска каршы вакцина алгам. Бирок антитело иштелип чыкпаптыр. Эмделгенден кийин антителого тест тапшыргам. Айрым учурда көрсөтпөй калып жатат. Ооруп калганыма үч күн болду. Бирок жеңил формасы, жакшы эле жүрөм", — деди министр.
Эске салсак, Бейшеналиев 2021-жылдын 29-мартында коронавируска каршы Sinoрharm вакцинасы менен эмделген.
Андан кийин апрелде ал коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып, аны кантип ичүү керек экенин журналисттерге көрсөтүп берген.