Депутат Атазов: Мамашова менен эмес, башка эл өкүлү менен урушкам

Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары кайым айтышкан. Бул окуядан кийин социалдык тармактын колдонуучулары аял кишиге атырылды деп Шайлообек Атазовду сындап чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында кесиптеши Айсулуу Мамашова менен урушпаганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
"Э" дебе мага!" Депутаттар Кемелов менен Мурашев мушташып кете жаздады. Видео
Бул окуядан кийин социалдык тармактын колдонуучулары аял кишиге атырылды деп Шайлообек Атазовду сындап чыгышкан.
Атазов бул окуяга комментарий берип, жыйында Айсулуу Мамашова менен эмес, башка депутат менен пикир келишпестик болгонун жазды.
"Мен Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун! Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Кечээ күнү парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишпестик болуп кеткен. Ошол учурда арачалоо максатында мага келип, колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр", ― деп жазган ал.
Атазов ошондой эле бул окуядан кийин фракция мүчөлөрү чогулуп, меселени чечип, бири-бирин кечиришкенин кошумчалаган.