Кыргызстанда жарандардын антителосу акысыз текшерилет. Кантип жазылуу керек

COVID-19га иммунитетти текшерүүнүн экинчи этабында кыргызстандыктардын 71 пайызында антитело бар экени көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарандардын антителосу бар-жогун аныктоо акысыз негизде жүргүзүлө баштады.
"Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси ага каттоо электрондук түрдө гана болорун билдирди. Анкетаны бул шилтемеге өтүп толтурса болот.
Муну менен адистер элдин коронавируска болгон иммунитетин баалоону көздөп жатат.
Буга чейин калктын COVID-19га иммунитетин текшерүүнүн үчүнчү этабын жүргүзүү пландалып жатканы айтылган. Экинчи этапта кыргызстандыктардын 71 пайызында антитело бар экени көрсөтүлгөн. Ал эми биринчи этапта 30 пайызында антитело бар экени кабарланган.