Ааламга таанылган атактуулардын атасы менен түшкөн 15 сүрөтү

Sputnik

Аталар күнүн биринчи ирет 1910-жылы Споукейн шаарчасында (Вашингтон штаты, АКШ) жергиликтүү тургун Сонора Додд аттуу аялдын демилгеси менен белгилешкен. Додд бул дата АКШдагы аталарга көрсөтүлгөн урмат катары калышына абдан аракет кылган. Себеби анын атасы Уильям Смарт аялы өлүп калгандан кийин алты баланы (анын ичинен бирөө ымыркай болгон) өзү жалгыз тарбиялап, өстүрүп-чоңойткон. Жарандык согушка да катышкан. Кийин балдары менен фермада жашап, алтоону эч нерседен кем кылбаганга, көңүлүн оорутпаганга аракет кылып, камкордукка бөлөп өстүргөн.

Мотурайган Путин, суйкайган Клинтон. Саясатчылардын бала кезиндеги сүрөттөрү
1966-жылы бул майрам расмий бекитилип, Аталар күнү боюнча жарлыкка АКШнын президенти Линдон Жонсон кол койгон. Ошондон тарта июндун үчүнчү аптасы Аталар күнү катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар элдин аялуу катмарындагы кишилерге, балдарын жалгыз тарбиялап жаткандарга жардам көрсөтүп келишет. Адат акырындап калыптанып отуруп, башка өлкөлөргө да жете баштады. Россияда Аталар күнүн расмий болбосо да 2014-жылдан тарта белгилей башташкан. Кыргызстанда да бул расмий майрам катары кабыл алынган эмес, бирок социалдык тармактарда кыргызстандыктар бири-бирин куттуктаганын кездештирүүгө болот.

1 / 15
Июндун үчүнчү жумасында аталардын күнү белгиленет. Сүрөттө ырчы Шакира атасы Уильям Мебаракты Латын үн жазуучу академиясында өткөн "Жылдын адамы" иш-чарасында кучактап турган учуру.
2 / 15
Сүрөттө актер Леонардо Ди Каприо жана анын атасы Жордж Ди Каприо
3 / 15
Турмушка чыгып жаткан Кейт Миддлтон атасы Майкл Миддлтон менен. 2011-жыл
4 / 15
Кызы жана атасы. Ырчылар Майли Сайрус жана Билли Рэй Сайрустун Нью-Йорктогу ырдап жаткан учурунан бир көрүнүш.
5 / 15
Актер Эштон Катчер жана атасы Ларри менен
6 / 15
Блейк жана Эрни Лайвли "Золотой глобусту" тапшыруу салтанатында. Беверли-Хиллз (Калифорния).
7 / 15
Актриса Эмбер Херд атасы Дэвид Херд менен. Голливудда тартылган сүрөт.
8 / 15
Актер жана режиссер Жорж Клуни атасы Ник Клунини Лос-Анжелестеги сыйлык тапшыруу аземинде тосуп алып жаткан учуру.
9 / 15
Актерлор Роберт жана Крис Пайн Hollywood Reporter журналына арналган салтанатта. Лос-Анжелес
10 / 15
Кызы менен атасы. Кейт Хадсон жана ырчы Кэти Перри Голливудда кинотасманын бет ачарында.
11 / 15
Актриса Анжелина Жоли атасы актер Жон Войт менен
12 / 15
Женнифер Энистон атасы Жон Энистон менен Лос-Анжелестеги Атактуулар аллеясында
13 / 15
Авнер Хершлаг жана кызы, актриса Натали Портман
14 / 15
Актриса Лили Коллинз жана атасы, музыкант Фил Коллинз
15 / 15
Бруно Марс жана анын атасы Питер Эрнандес MTV сыйлыгын тапшыруу аземинде. Нью-Йорк