БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча курама команда эки эл аралык мелдешке катышарын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдештерге жөө күлүктөр Мусулман Жоломанов менен Нурсултан Кеңешбеков жөнөтүлүп, алар менен кошо укалоочу Александр Исалаев жана улук машыктыруучу Сатыбек Чокаев жөнөтүлөт.
Курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда.