Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө көз жумган өспүрүм. Эки экспертиза дайындалды

Чүй милициясы жакынкы күндөрү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, натыйжада окуяга юридикалык баа берилерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жашар Игорь Якуниндин каза болушу боюнча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бардык тергөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, натыйжада окуяга юридикалык баа берилмекчи.
Ишти ИИМ жетекчилиги көзөмөлгө алганы белгиленди. Бул факт боюнча материалдар Чүй милициясынын тергөө кызматында, сотко чейинки процесстер уланууда.
Ошто киши өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы балдар кармалды
Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон.
Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген ой болуп жаткандыгын айткан.
Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.