Түркиянын вакцинасы Кыргызстанда сыналабы? Министрдин жообу

Түркиянын саламаттык сактоо министри Turcovac вакцинасынын үчүнчү фазадагы сыноосу Кыргызстанда өтө тургандыгын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Түркия коронавируска каршы вакцинасын үч өлкөдө сынайт, анын ичинде Кыргызстан да бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага шилтеме кылып жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ата мекендик вакцинанын үчүнчү фазадагы сыноосу башталгандыгын айткан.
"Үчүнчү фазадагы изилдөөгө 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Сыноолор Венгрия, Азербайжан жана Кыргызстанда жүргүзүлөт. Биз тизмеге дагы башка мамлекеттерди кошууга аракет кылып жатабыз", — деген министр.
Бул маалымат боюнча Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев төмөнкүлөрдү билдирди.
Бишкекте дагы эки эмдөө пункту ачылды, 60тан өткөндөр "Спутник V" алса болот
"Түрк тарап сунуштап жатат, бирок биз алардын шарттарын билгибиз келет. Азырынча кат алмашуу гана болууда", — деди министр.
Препарат кооптуу эмеспи деген суроого Бейшеналиев "кооптуулук болушу мүмкүн" деп жооп берди.
Ал ошондой эле ортодо эч кандай макулдашуу жок экендигин кошумчалады.
Эске сала кетсек, учурда кыргызстандыктар коронавируска каршы россиялык "Спутник V" жана кытайлык Sinopharm менен эмделип жатышат.