Тарыхый параддан кийин Ялта келишими боюнча Советтер Союзу Японияга каршы согушканы даярданып жаткан учур болчу. Кызыл аянттан баскан айрым офицерлер менен аскерлер 8-августта Япониянын Квантун армиясына чабуул койгонго катышкан. Фашисттик Германияга каршы салгылашкан жоокерлер Ыраакы Чыгыштагы япон армиясынын таш-талканын чыгарышат.
Натыйжада 2-сентябрда расмий Токио АКШнын "Миссури" линкорунда СССР, АКШ, Улуу Британия жана башка өнөктөштөрдүн алдында капитуляция тууралуу документке кол коюп, ошону менен экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган. Колумнист Алмаз Батилов кан майданда салгылашкан кыргызстандык аскерлер жөнүндө баянды улантат.
Башкы сүрөт: Кызыл армиянын жоокери Токуш Султанов Курск догосунда гитлерчилерге каршы салгылашын баштап Австриянын борборуна чейин аларды сүрүп барган. Вена шаарындагы аскердик-тарыхый музейинин короосу. 1945-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер архиви.
Жума Жамгырчиев
Кыргыз элинин алгачкы маданий агартуучуларынын бири Жума Жамгырчиевдин тагдыры бир жагынан аянычтуу, экинчи жагынан жаш муунга өрнөк. Үркүндө 15 жаштагы Жума эл менен Кытайга качып, ал жакта жергиликтүү уйгур байга эки жыл малай болот. 1918-жылы Ата Мекенине кайтып, сабатын жоюп, билим алууга умтулат. Кыргыз жаштарынын ичинен Жума биринчилерден болуп Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинде окуп, андан соң Кыргыз педагогикалык техникумун бүтүргөн. 1929-1935-жылдары Кыргыз АССРинин агартуу комиссариатында иштеп, билим тармагын өркүндөтүүгө аракеттенген. Ош менен Жалал-Абад аймактарында жана Анжиянда агартуу тармагында эмгектенген. Ошол эле убакта Жамгырчиев "Эр Төштүк" эпосун кагаз бетине түшүргөн, өзү да ыр жазчу. 1931-жылы алгачкы "Ырлар жыйнагы" аттуу китеби чыккан. Ал Кусеин Карасаев, Сатыбалды Нааматов, Сыдык Карачев жана Касым Тыныстанов сыяктуу кыргыздын тунгуч интеллигенциясы менен үзөңгүлөш эле. 1930-жылдары Жамгырчиев репрессияга кабылып кала жаздаган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Жума өзүнүн кичи мекени Тоң районунда мугалим болуп иштеп жүргөн. 1942-жылы Жамгырчиев Рыбачье шаарынан кан майданга аттанып, 281-дивизиянын 861-замбирекчилердин полкунда аскердик жолун баштаган. 1944-жылы 21-январда курман болгон. Аркасында "Таңкы жарык" жана "Ырлар" аттуу чыгармаларынын жыйнагы калды.
Кан майданда каза болгон жазуучу Жума Жамгырчиев
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Чехословак корпусунун подпоручиги Богумил Цейпек
1923-жылы Словакиянын Желин шаарында белгилүү чех социалисти Рудольф Маречек "Интергельпо" аттуу өндүрүш кооперативин түзөт. Бул кооперативдин мүчөлүгүнө венгр, чех, словак жана поляк жумушчулары өтүшкөн. 1925-жылы Кыргызстанга 1317 интергельпочу келген. Алардын арасында 23 жаштагы Богумил Цейпек да бар эле. Булар Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүнө зор салым кошту. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Богумил башка жердештери өңдүү Чехословакиянын лидери генерал Людвиг Свободанын жоокерлерине кошулат. Интергельпочулардын мүдөөсү фашисттик баскынчылардын запкысында калган Ата Журту менен жаңы Мекени СССРдин азаттыгы үчүн күрөшүү болчу. Цейпек 1-Чехословак армиялык корпусунун 1-өзүнчө Чехословак бригадасынын катарында Украинаны гитлерчилерден бошотууга катышат. Андан соң ал Словакиядан баскынчыларды сүрүп чыгарууда далай эрдик көрсөтөт. 1945-жылы 10-майда генерал Свободанын кол астында Богумил куралдаштары менен биргеликте Праганы фашисттерден бошотот. Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин Цейпек Кыргызстанга кайтат.
"Интергельпо" өндүрүш кооперативинин активдүү мүчөсү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Богумил Антонович Цейпек. Фрунзе шаары, 1957-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Руденко
Макизар Абдыкалый Жумакеев
Франциялык партизандардын катарында гитлерчилерге каршы салгылашкан кыргызстандык жоокер Омор Джекишевдин иниси Абды Джекишев агасы менен чогуу кан кечкен куралдаштарын издеп жүрүп, Абды Жумакеев менен кантип таанышканы тууралуу мындайча айтып берди:
— 1990-жылы атамдын иниси Омордун француз каршылык кыймылында чогуу согушкан куралдаштарын издеп жүрүп, Абдыкалый байке менен тааныштым. Ал мага кыргызстандык макизарлар жөнүндө айтып берди. Тагдыры абдан кызыктуу жана аянычтуу экен. Согуштун биринчи күндөрүндө туткунга түшкөн. Аны баскынчылар Германиядагы концлагердин бирине жөнөтүшөт. Жумакеев башка советтик туткундар сыяктуу адам көрбөгөн азапты башынан өткөрөт. 1944-жылы Абдыкалый байке Конурбаев, испан, орус жана югослав туткундары менен биргелешип концлагерден качып чыгышат. Түштүк Францияга жетип, партизандарга кошулат, ал жерден башка кыргызстандык жана советтик макизарлар менен таанышат. Булар Гитлерге каршы күрөшүн улантып, Франциянын түштүк аймактарын фашисттерден бошотууга катышат. 1945-жылы СССРге кайтышат. Коопсуздук органдары Абдыкалый байкени чыккынчылык кылгансың деп ак жеринен айыптап сүргүнгө айдашат. Кийин ал акталып Кыргызстанга кайткан. Абдыкалый байкенин көөдөнүндө Францияны бир көрсөм деген кыялы бар экени байкалчу. Тилекке каршы, кыялы ишке ашпай калды.
Макизар Абдыкалый Жумакеев балдары менен тамак ичип жаткан учур. Фрунзе шаары. 1967-жыл
© Фото / из семейного архива Конурбаевых
Сулихар Щилязов
Дунган элинин уулу, он тогуз жаштагы Сулихар Щилязов 1939-жылы Советтик армиянын катарына чакырылат. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда 3-Украин фронтунда 103-гвардиялык артиллерия полкунда салгылашкан. Анын адистиги топограф болчу. 1944-жылы Суалихар взводу менен Днепр дарыясынын боюнда фашисттердин аткылаганына карабастан замбиректердин таамай атуусун камсыздап "Аскердик каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган.
Сулихар Щилязов үй-бүлөсү менен. 1960-жыл
© Фото / из личного архива Салимы Щилязовой
Чалгынчы Ч. Токтобаев
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ай сайын советтик жоокерлер аскердик орден жана медалдар үчүн жөлөк пул алчу. Мисалы, 3-даражадагы Даңк ордени үчүн беш, Эрдик медалына он рубль төлөнчү. Чалгынчы Токтобаев эки ордени жана бир медалы үчүн мамлекеттен 20 рубль алчу. 1948-жылы өкмөттүн атайын токтому менен бул жөлөк пул алып салынган.
Чалгынчы автоматчан Ч.Токтобаев 3-даражадагы Даңк ордени жана Эрдик медалы менен сыйланган. 2-Беларус фронту. 1944-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Смирнов
Александр Нарочный
Александр Нарочный фашисттердин Австриядагы "Маутхаузен" концлагеринде үч жарым жыл туткунда болгон. Ал 1925-жылы 19-майда Чыгыш Украинанын Бердянск шаарында төрөлгөн. 1941-жылы 7-октябрда гитлерчилер бул шаарды басып алышат. 1942–жылы он алты жаштагы Лидия апаны башка курбулары менен баскынчылар Германияга кулчулукка алып кетишет. Белгилей кетчү жагдай, фашисттер Украинада беш миллион үч жүз миң адамды өлтүрүшкөн. Ал эми эки миллион үч жүз миң украиналыкты гитлерчилер кулдукка айдап кетишкен. Нарочнова "Маутхаузен" концлагеринде адам көрбөгөн тозокту башынан өткөрөт. Бир тууганын Гитлердин желдеттери Польшадагы "Майданек" концлагериндеги меште тирүүлөй өрттөшөт. 1945-жылы жазда аны Кызыл армиянын жоокерлери туткундан бошотуп, Лидия апа Австрияда жайгашкан советтик аскердик бөлүктөрдүн биринде иштеп калат. Ал жерден кыргызстандык офицер Александр Нарочный менен таанышат. Экөөнүн үлпөт тою Венадагы Советтер Союзунун элчилигинде өтөт. 1946-жылы эки жаш Фрунзе шаарына келип түтүн булатышат. Лидия апа менен Александр бактылуу жашап, үч кыздуу болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Александр Нарочный (сол жакта) жубайы фашисттик концлагердин туткуну Лидия Нарочнова (оң жакта) менен кызы Татьянанын үлпөт тоюнда. Фрунзе шаары. 1970-жыл.
© Фото / из личного архива Александра Нарочного