ИИМ: суу постторун текшерүүдө ашыкча суу агып кеткени аныкталды. Сүрөт

Текшерүү учурунда Р-19-3 гидропостунун шлюзу ачык бойдон калып 200-250 литр суу агып жатканы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
1 / 4
Милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналындагы Москва районун суу менен камсыздаган 22 гидропост менен шлюзду текшерип, эреже бузулганын аныктады
2 / 4
Милиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү
3 / 4
Алар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан
4 / 4
ЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды.
Маалыматка караганда, милиционерлер суу постторуна көзөмөлдү күчөттү. Алар 24-июнга караган түнү текшерүү иштерин аткарышкан.
"Натыйжада Москва районуна 16,5 куб метр суу киргени, анын 1,3ү агып кеткени маалым болду. Мындан сырткары, Р-19-3 гидропостунун шлюзу ачык бойдон калып 200-250 литр суу агып жатканы аныкталды. Суу колдонуу бөлүмүнүн адиси Ш.Т. шлюз жабылбай калганын моюндаган. Буга байланыштуу департаменттин директору кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды", — дешти ИИМден.
Р-20-1 гидропостунун шлюзу авариялык абалда болгондуктан 159 литр суу агып кеткен. ЧЧКнын көйгөй көп жараткан 7-посту Москва РИИБинин көзөмөлүнө алынды.