Нокаутка кеткен Макгрегор. Мушкердин Порье менен экинчи ирет беттешкен видеосу

UFC уюмунун YouTube каналына ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порье менен болгон экинчи беттеши жарыяланды.
Sputnik
Мелдеш ушул жылдын 24-январында UFC 257 турниринин алкагында өткөн. Порье Макгрегорду экинчи раундда нокаутка кетирген. Бул ирландиялык спортчунун карьерасындагы биринчи нокаут.
Эске салсак, мушкерлер алгачкы жолу 2014-жылы күч сынашкан. Анда Порье техникалык нокаут менен утулуп калган. 11-июль күнү экөө үчүнчү ирет бири-бирине каршы рингге чыгат.