Министрлик: КамАЗ Кыргызстанда автобус чогултуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Үч тараптуу келишимге россиялык ишкананын жетекчиси, кыргызстандык компания, энергетика жана өнөр жай министри кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.
1 / 4
Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт.
2 / 4
Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
3 / 4
Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.
4 / 4
Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.
"Келишимге ылайык тараптар Кыргызстандын аймагында эл ташый турган газ менен жүргөн автобус жана электробустарды чыгаруу боюнча изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүшөт", — дешти министрликтен.
Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.