Өткөн суткада 822 кишиден коронавирус аныкталып, беш адам көз жумду

Азыркы тапта ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 100 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды. Бир суткада эле 21 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 822 кишиден коронавирус аныкталып, 475 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 118 106га жетти. Анын ичинен 106 858 киши дартты жеңген.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт беш адамдын өмүрүн алды:
Жалпысынан оорудан 1 958 адам каза тапты.
Азыркы тапта стационарда 2 604 киши дарыланууда. Анын ичинен 801 бейтап оор абалда болсо, 100 адамдын абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 21 медиктен коронавирус табылганы кошумчаланды.