БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму көз карашын өзгөртүп, балдарды эмдөөдөн өткөрсө болорун билдирди. Бул тууралуу ДССУнун жаңыртылган сунуштарында айтыларын РИА Новости жазды.
Балдар жана өспүрүмдөр коронавирусту чоңдорго караганда жеңил көтөрөрү белгиленет.
Буга чейин Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту балдарга "Спутник V" вакцинасын саюуга болор-болбосун изилдөө үчүн уруксат алууга документ тапшырган, жакынкы күндөрү чечим чыгары айтылды.