Бишкекте дагы эки эмдөө пункту ачылды, 60тан өткөндөр "Спутник V" алса болот

"Спутник V" вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар (дарыгердин багыттамасы болсо) ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында дагы эки эмдөө пункту ачылды. Каалоочулар ал жерден "Спутник V" вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Пунктулар Ленин райондук (64 45 57, 0505 111 330) жана Свердлов райондук (63 51 22; 0505 286 670) бириктирилген үй-бүлөлүк борборлорунда жайгашкан.
Учурда Бишкекте 24 убактылуу эмдөө пункту иштеп жатат. Дареги:
Белгилей кетсек, "Спутник V" вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар (дарыгердин багыттамасы болсо) ала алышат.
Кытайлык Sinopharm препаратынын экинчи дозасын саюу дагы уланууда (№4, 9, 14, 15, 16, 17, 19 үй-бүлөлүк медицина борборлору).