Радио

Өмүракунов: дрифт — автоспорттун эң коопсуз түрү

Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү экенин айтты.
Sputnik
2017-жылдан бери дрифт менен алектенип келем. Ушул убакытка чейин алган тажрыйбам жарыштарда биринчи болууга мүмкүндүк берүүдө. Бул тууралуу Акылбек Өмүракунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 12 жашынан баштап автоунаа башкара баштаган.
"Мен автоунааларга эс тарткандан бери кызыгам. Башталгыч класстарда дептерлерге өзгөчө автомашиналардын сүрөттөрүн тартып жүрчүмүн. Башка балдар кандайдыр бир тасмалардан эргүү алып, анан гана автоспортко келишет. Ал эми мен үчүн "Форсаж" сыяктуу картиналар ачылыш деле болгон эмес. Менин азыркы унаам Nissan 200sx. Казакстандан сатып алгам. Негизи дрифтке катыша турган техниканы толугу менен жасап чыгабыз. Себеби машинанын мотору, коробкасы жана башка бардык жагы бышык, күчтүү болушу зарыл. Унаанын каркасынын ичи жалаң трубалардан турат. Ошондуктан дрифт автоспорттун бардык түрлөрүнүн ичинен эң коопсузу десек болот. Унаа мелдеште чындап эле оор сыноодон өтөт. Ошондуктан ар бир жарыштан соң техника толук кароодон өткөрүлөт. Бул машиналар менен шаар ичинде жүрө албайбыз. Себеби мыйзам жол бербейт жана үнү абдан катуу чыгат. Жарыштын унаалары чиркегич менен гана ташылат", — деди Өмүракунов.
Пилот шаар ичиндеги көчө жарышчылары элдин дрифт маданиятын кабылдоосуна терс таасир тийгизип жатканын кошумчалады.