Бишкекте Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары митинг өткөрүүдө. Видео

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселе каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтарынын митинги өтүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, митингге 100дөй адам чогулган. Алар депутаттарга саясий куугунтук болуп жатканын айтып, эл өкүлдөрүн эркиндикке чыгарууну талап кылып жатышат.
Белгилей кетсек, ушу тапта Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун жактоочуларынын апелляциялык арызынын негизинде бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселе каралууда.
Эске салсак, эки парламентарий Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.