Булуттарды кучактап! Төө-Ашуудан тартылган эң кооз 10 ирмем

Sputnik

Фотокабарчы Табылды Кадырбеков Төө-Ашууга барып, бир нече сүрөт тартып келген. Кыргызстандагы эң узун Ош — Бишкек автожолу дал ушул ашуу аркылуу өтөт. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан. Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө, Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.

Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы
Бул ашуу аркылуу Чүйдөн Суусамырга өтсө болот. Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт керектелет. Белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген. Түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор бар. Ал эми түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы жайгашкан. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери. Эл ичинде айтылуу балбан Кожомкул  Каба уулу Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деп айтышат.

Кээ бир жер-суу аталыштары ошол жерди байырлаган жаныбарларга, өсүмдүктөргө байланыштуу коюлуп келген. "Төө ашуу" — зоотопонимикалык аталыш. Бирок бул ашуудан көп сандаган төө өтүп турган же багылган деп айтуу калпыс пикир. Болгону салыштыруу иретинде аталган. Кыргызстандын аймагындагы эң чоң жаныбар катары төө саналган. Ушундан улам ашуунун бийиктиги төөнүн бийиктиги менен салыштырылып Төө-Ашуу деп атап коюшкан.

1 / 10
Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
2 / 10
Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
3 / 10
Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
4 / 10
Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
5 / 10
Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
6 / 10
Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
7 / 10
Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
8 / 10
Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
9 / 10
Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
10 / 10
Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш