БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында жайлоого мал айдап бара жатып сууга агып кеткен 11 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, тестиер 24-майдан бери изделип жаткан. Ал Кара-Суу айыл аймагындагы Желе-Терек тилкесинде мал айдап бара жаткан жеринен аты үркүп кетип, сууга кулаган.
22-июнь күнү беш куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам баланы эки топко бөлүнүп издешкен. Биринчи топ саат 20:30да издөө иштерин токтоткон. Ал эми экинчи топ Түрдүк суусунун жээгинен баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкени айтылды.