Ошто студенттерден пара алууга шектелип камалган декан үй камагына чыкты

Чечим чыгарууда сот пара алууга шектелген 54 жаштагы аялдын дартын, жашы жете элек балдары бар экенин эске алган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ош шаардык соту студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын Э.Г. аттуу кызматкерин эки айга үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.
Анын айтымында, чечим чыгарууда сот пара алууга шектелген 54 жаштагы аялдын кант диабети менен ооругандыгын, жалгыз бой эне экендигин жана жашы жете элек балдары бар экенин эске алган.
Пара менен кармалып, кызматтан кеткен УКМК кызматкерин сот актады
Буга чейин шектүү УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.
Эске сала кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаардык жана облустук башкармалыгы тарабынан жашыруун тартылган видео жарыяланып, анда декан бир нече адамдан акча алып жаткан.
УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча ("Пара алуу") сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экени аныкталган. Кадрдан аял ар бир студенттен 100 доллардан алса 60 миң доллар таап, үй аларын айтып жатканын угууга болот.