Көлдө катамаран менен 3 чакырым алыс сүзүп кеткен 17 киши куткарылды. Сүрөт

Беш катамаранга отурган жарандар катуу шамалдан улам жээктен алыстап кетишкен. Аларга жардамга бараткан кайыктагы тургундардын дагы майы түгөнүп калып, куткаруучуларга чалышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тамчы айылында катамаран менен жээктен үч чакырым алыстыкка сүзүп кетип, кайра кайта албай калган 17 киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ысык-Көлдүн Тамчы айылында катамаран менен жээктен үч чакырым алыстыкка сүзүп кетип, кайра кайта албай калган 17 киши куткарылды
Эс алуучулар беш катамаранга отуруп, катуу шамал болгондо жээкке чыга албай калышкан. Аларга жардамга бара жаткан кайыктагы жергиликтүү тургундардын дагы майы түгөнүп, куткаруучуларга байланышууга аргасыз болгон.
Жерине үч куткаруучу жана үч куткаруучу-суучул тартылып, кайык менен катамаранда калып калгандарды жээкке алып чыгышкан.