Президенттин оператору КТРК жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарууда

Сатиев алты президенттин бешөө менен иштешкен. Өткөн жумадан тарта телеканалдын директорунун орун басары катары эмгектенип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.
Бишкекте шаар жетекчисинин орун басарлары алмашты
Талапкер буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.