Адам бир күндө эң аз дегенде канча басышы керек? Адистин түшүндүрмөсү

Адис бир күндө адам жок дегенде жарым саат кыймылда болушу керектигин белгилеген. Маселен, сейилдөө, велосипед тебүү, спорт же үй жыйноо ден соолукка абдан пайдалуу.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Күнүнө эң аз дегенде 4 миң кадам басуу ден соолукту бекем кармоого жетиштүү. Бул тууралуу диетолог жана эндокринолог Альбина Комиссарованын айтканына таянып "Известия" басылмасы жазды.
Эрте келчү өлүмдөн кантип сактануу керек. Кардиологдун кеңеши
Диетолог күнүнө сөзсүз эле 10 миң кадам басуу зарыл эмес экендигин белгиледи. Бирок ошол эле учурда жок дегенде жарым саат кыймылда болуу, маселен, сейилдөө, велосипед тебүү, спорт же үй жыйноо керектигин кошумчалаган.