Кондиционердин шамалынан ооруп калбоонун эки жолу. Дарыгердин кеңеши

Биринчи эрежеде кескин алмашкан абада калбоо боюнча айтылса, ал эми экинчи эреже кондиционерди туура орнотууга тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эшиктеги ысыктан кирип имараттын ичиндеги кондиционер үйлөгөн муздак абада калган адам ар кыл ооруга кабылышы мүмкүн. Андыктан сыркоолоп калбаш үчүн эки эрежени сакташ керектигин Sputnik радиосуна терапевт Татьяна Романенко айтып берген.
Ири алдыда киши аптаптан дароо эле муздак бөлмөгө кирбеши керек. Көчөдөн кондиционер иштеп жаткан автоунаага же имараттын ичине киргенде аны дароо эле 16 градуска коюп салуу жарабайт. Тагыраагы, температуралардын ортосу 6-8 градустан ашпашы зарыл.
"Эгерде аптаптан муздак жайга кирсеңиз, абаны акырындап муздатышыңыз керек. Автоунаага түшкөндө да ушундай, кондиционерди кичинеден иштетип баштаңыз. Бул биринчи эреже", – деген Романенко.
Кондиционер жок деп кейибеңиз! Үйдү салкындатуунун 11 ыкмасы
Ал эми экинчи эреже кондиционерди орнотууга тиешелүү. Ал үйлөгөн шамал кишиге барып тийбеши жана отурган же турган адамдын үстү жагына коюлбашы керек.
"Кондиционердин алдында отурганга болбойт. Иштеп жаткан кишинин столу менен техниканын аралыгы кеминде 1,5-2 метр болушу шарт. Адамды карай үйлөбөшү керек, аны башка тарапты каратып орнотуу зарыл", – деген терапевт.
Романенко кондиционердин чыпкалагычына чаң менен ар кыл бактериялар толуп калбаш үчүн маал-маалы менен тазалап турууга кеңеш берди.