БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөрүп, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык мекемелердин айрым корпустарын бошотуу, 118 номерлүү кызматтын ишин өркүндөтүү, амбулатордук деңгээлде диагностикалык жана дарылоо иштерин күчөтүү маселелери каралды.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жыйында коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды аныктоо жана кайра жиберүү үчүн бөлүштүрүү пунктуларын уюштуруу, ошондой эле медициналык мекемелердин жана жеке лабораториялардын биргелешкен иши жөнүндө маселелер талкууланды.
“Эч ким былтыркы жылдагыдай экономикалык ишмердүүлүктү чектөө же жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт. Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл. Саламаттык сактоо системасы бейтаптардын саны дагы өсүшүнө даяр болушу керек”, – деди Бакашова.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды: