БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 738 адам коронавирус жуктуруп, 451 киши сакайып, тилекке каршы, сегиз киши өтүп кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлды.
Ооругандар:
Вирус жуктургандар жалпы 117 284кө жетти.
Сакайгандар, пневмонияны эсепке алганда:
Илдетти ушуну менен 106 383 киши жеңди.
Коронавирустан каза тапкан төрт киши Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ош шаарында жана дагы бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 1 953 адамдын өмүрүн алды.
Стационарларда 2 496 бейтап жатат. Алардын ичинен 17 кишинин абалы канааттандырарлык, 1 598и орточо, 781и оор, ал эми дагы 100 киши өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 5396 бейтап бар экени айтылды.