Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 80 жыл. Канттагы аскердик базада эскеришти

Бул тарыхый датага арналган иш-чарага чоңдор менен кошо кичинекейлер да катышып, согуш жөнүндө ырларды көркөм окушту.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнү, 22-июнду эскерүү иш-чараларынын алкагында Кыргызстандагы россиялык биргелешкен аскердик базанын командачылыгы бир нече иш-чараларды уюштурду. Бул туурасында аталган базанын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алардын бири "эскертүү матчы" — футболдук беттеш болду
Алардын бири "эскертүү матчы" — футболдук беттеш болду. Спорттук бул иш-чарага аскер кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү, жаш жоокерлер, Кыргызстандагы билим берүү жайларынын тарбиялануучулары менен жергиликтүү эл катышты.
Спорттук бул иш-чарага аскер кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү, жаш жоокерлер, Кыргызстандагы билим берүү жайларынын тарбиялануучулары менен жергиликтүү эл катышты
Оюн талаасында Россиялык аскерлер менен Кант шаарынын курама командасы беттешти. Футболдук беттеш аза күтүү мүнөтүнөн соң башталды. Ал эми келген коноктор үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи күндөрүн чагылдырган көргөзмө уюштурулду.
Анын соңунда мыкты спортчулар аныкталып, биримдиктин командиринин атынан Ардак Грамота менен сыйланды.
Булардан сырткары жаш жоокерлер менен Канттагы аба базанын аскерлеринин балдары аталган тарыхый күнгө арналган чыгармачыл сынактарга катышты.
1 / 2
Булардан сырткары жаш жоокерлер менен Канттагы аба базанын аскерлеринин балдары аталган тарыхый күнгө арналган чыгармачыл сынактарга катышты
2 / 2
"Согуш жөнүндө ырларда" окуучулар көркөм окуу боюнча чеберчилигин көрсөтсө, "Менин баатырымдын баяны" жарышында өзүнүн чоң аталарынын, алардын аталарынын Мекен үчүн салгылашкан эрдиктерин айтып беришти
"Согуш жөнүндө ырларда" окуучулар көркөм окуу боюнча чеберчилигин көрсөтсө, "Менин баатырымдын баяны" жарышында өзүнүн чоң аталарынын, алардын аталарынын Мекен үчүн салгылашкан эрдиктерин айтып беришти. Соңунда жеңүүчүлөр Ардак Грамота жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Канттагы Россиялык биргелешкен аскердик база Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Аларда штурм жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.