Сокулукта айдоочуга тил тийгизген инспектор кызматынан кол жууду

Окуядан кийин кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында инспектор иштен алынган. Ал эми анын жетекчисине сөгүш жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Сокулук райондук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору айдоочуга тил тийгизгени үчүн иштен алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.
Айдоочуга тил тийгизгени үчүн иштен алынган Сокулук райондук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору
17-июнь күнү социалдык тармактарга тартип сакчысы айдоочу менен орой сүйлөшкөн видео тараган. ЖМКлар Lexus автоунаасынын айдоочусу менен милиционер эреже бузулганы боюнча талашып-тартышып кеткенин жазышкан.
ЖКККББ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында инспектор профессионалдык этика менен кызматтык дисциплинаны сактабагандыгы үчүн иштен алынды.
Мындан сырткары, райондук бөлүмдүн жетекчисине кол алдындагыларды көзөмөлдөбөгөнү үчүн сөгүш жарыяланган.