Шаршембиге карата аба ырайы

23-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +20…+25, Нарын чөлкөмүндө +20…+25 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +33…+35, Чолпон-Атада +20…+22 градус болот.