Кыргызстанда кагырап кургаган жерлер көбөйүүдө. РФ окумуштуулары жардам берет

Окумуштуулар Кыргызстанда айыл чарба жеринин 40 пайыздан ашыгы деградацияланып, түшүмдүүлүк кыйла азайып кеткенин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Басан Городовиков атындагы Калмык мамлекеттик университетинин (КалмМУ) илимпоздору жердин кургашына каршы күрөшүүгө жардам берчү үрөн сепкен машина сыяктуу бир катар технологияларды ойлоп табышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.
Окумуштуулардын айтымында, окуу жайдын бул долбоору арыктап кеткен жерди калыбына келтирип, өсүмдүктүн өсүшүн жакшыртууга өбөлгө болот.
Жердин бир катар региондорунда климат жана рационалдуу жүргүзүлбөгөн тиричилик жайыттарды деградацияга тушуктуруп, ариддик, башкача айтканда, кургак жердеги өсүмдүктүн азайышына негиз болору белгиленди. Мунун натыйжасында жайыт менен айдоо жердин түшүмдүүлүгү төмөндөп, кум басып, мунун кесепетинен чаң учары айтылды. 
Питомник прутняка рядом с хурулом в Аршани
Илимпоздордун айтымында, Арал — көйгөйлүү аймактардын бири. Жердин эрозиясы менен кагырап кургап кетиши Кыргызстанда, Казакстанда жана башка аймактарда байкалып, бул ири экологиялык кесепеттерге алып келип, айыл чарба өндүрүмүнүн кескин азайышын шарттайт. Аталган окуу жайдын окумуштуулары Кыргызстанда айыл чарба жеринин 40 пайыздан ашыгы деградацияланып, түшүмдүүлүк кыйла азайып кеткенин айтууда.
Арыктаган жерди калыбына келтирүүгө тоскоол болуп турган нерсенин бири — тоют үрөнүнүн жетишсиздиги. Тоют даярдоого негизги булак болгон популяция стандартка төп келген үрөндүн тийиштүү көлөмүн камсыздай албай жатат. КалмМУнун агроинженерлери иштеп чыккан масштабдуу долбоор дал ушул маселени чечүүгө арналган.
"Жер тез эле кургап, деградацияга кабылып жатат, андыктан ариддик өсүмдүктөрдүн үрөнүн чыгаруучу өнөр жай системасын ишке киргизүү — учурдун талабы. Кырдаалдан чыгууга табигый чөйрөнү жакшыртуу, чөп айдоо жана токойду көбөйүү жардам берет", — деди КалмМУнун инженердик-технологиялык факультетинин деканы, агроинженерия кафедрасынын профессору Валерий Эвиев.
Аталган окуу жайдын адистери сунуштап жаткан тажрыйба Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Монголия сыяктуу бир катар мамлекеттердин агроинженерлери үчүн пайдалуу болот дешти окумуштуулар. Университеттин алдында жердин кыртышын жакшырта турчу өсүмдүктөрдүн үрөнүн чыгара турчу борбор ачылган. Бул жерде агрардык чарбага ылайыкталган жаңы сорттордун селекциясы жүрөт. 
Коллекционный питомник прутняка на опытном поле КалмГУ
КалмМУ илимпоздорунун эсеби боюнча, долбоорду ишке киргизүү калыбына келтирилген жайыттын ар гектарынан 2 тонна тоют даярдоого, сезон учурунда 650дөн 5000 тоннага чейин эт алууга мүмкүндүк берет.
Ариддик өсүмдүктөр менен иштөөдө кадимки агротехникалык машиналар жердин кыртышы менен өсүмдүктүн өзүнө зыянын тийгизет. Мындан улам окумуштуулар аз габариттүү техниканы пайдалануу менен иш жүргүзүү боюнча да иштеп жатышат. Ошондой эле механикалык тазалоо жана үрөндү себүүгө даярдоо жаатында да аракеттер көрүлүүдө. 
Зимний посев прутняка модернизированной сеялкой
Университетте кургак жерде өскөн өсүмдүктөрдү айдоо үчүн атайын машина иштелип чыгып, РФ патенти менен корголду. Окумуштуулардын айтымында, бул техника үрөндү туура, тегиз бөлүштүрүп, коромжу кылуудан сактайт.
Илимпоздордун бул долбоору үрөн өндүрүү технологиясынын негизин түзмөкчү.